БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкекте Совет менен Камская көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан 74 жаштагы жаран каза болгонун Жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 2-январь күнү кечинде болгон. "Лексус LX-570" үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен жолоочуну карама-каршы тилкеде келе жаткан "Мицубиси-Галант" машинасынын айдоочусу тебелеп өткөн.
Кырсыктан жабыркаган адам ошол эле жерден көз жумган.
Учурда окуянын чоо-жайын Бишкек ШИИБ тергөө башкармалыгы иликтеп жатат.
Жол кайгуул кызматы аба-ырайынын бузулушу менен жарандарды жолдон өтүүдө, унаа айдоодо сак болуусун эскертет.