БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) корпоративге кетүүчү акчага балдар үйүндөгү наристелерге жаңы жылдык белек сатып берүүнү чечкен. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Белектер ЖАМКтын көзөмөлүндөгү Военно-Антоновкадагы интернаттын тарбиялануучуларына берилди.
Буга чейин бир катар мамлекеттик мекемелер жаңы жылдык отуруштан баш тартышкан. Кимдир бирөөлөр социалдык тармактагы сын пикирден улам өткөрбөй калса, айрымдары акча үнөмдөөнү чечишкен.