Жамааттык отуруштан баш тартып Ош, Баткенде кызматкерлер канча акчасын үнөмдөп калды

© пресс-служба мэрии города ОшЖаңы жылды майрамдоо.
Жаңы жылды майрамдоо. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен жамааттык отуруштан 50 миңге жакын, Ош 400 миң сомго чукул каражат үнөмдөп, балдарга белек бере баштады.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жаңы жылдык жамааттык отуруштан баш тартып, кызматкерлердин үй-бүлөлүк бюджетинен орто эсеп менен 50 миңге жакын сомду үнөмдөп калды. Бул туурасында аталган өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Диляра Парпиева маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин өкүлчүлүктүн кызматкерлери жаңы жылдык жамааттык отуруштарга ар бири 1000 сомдун тегерегинде каражат жумшап келген. 

"Ал эми өкүлчүлүк өзүнчө каражат бөлүп, жаңы жыл алдында облустагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык белек тартуулоо чечимин кабыл алды" — деп билдирди Парпиева.

Жамааттык отуруштардан баш тартуу чакырыгы менен Ош калаасынын мэри Айтмамат Кадырбаев да шаардыктарга кайрылган

"Бул демилгени колдогон Оштогу жүргүнчүлүрөрдү ташуучу ишкана отуруштан баш тартып, болгону маданий гана иш-чараларды өткөрүү менен чектеле тургандыгын билдиришкен. Алар муну менен ишкананын жана кызматкерлердин үй-бүлөлүк бюджетин үнөмдөөнү чечкен", — деп билдирди мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Гүлжамал Жороева.

Ал эми мэриянын өзү да мындай отуруштардан баш тартып, орточо эсеп менен алар 400 миңдей каражатты үй-бүлөлүк бюджеттен каражат үнөмдөлгөндүгүн билдиришти.

Мэрия бүгүн жетим, майып жана аз камсыз болгон бүлөлөрдөн 150 балага жаңы жылдык белектерди тапшырып, майрамдык концерт уюштуруп берди. 

"Балдарга белек алуу үчүн мэриядан 100 миң сом каражат каралды", — деп билдирди мэриянын социалдык бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Аманова.

Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке компаниялар арасында каражатты үнөмдөө максатында жаңы жылдык жамааттык отуруштардан баш тартуу тенденциясы жүрүп жатат. Ал эми өкмөт башчысы жакында эле жаңы жылдык көңүл ачуулардан баш тартып, анын ордуна муктаж болгон жетим жана оорулуу балдарга майрам уюштуруп берүү орундуу экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0