00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
МРТ в больницах, дороги в регионах - как работает ГЧП в Кыргызстане
18:08
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
“Шартсыз киреше” – бекерчиликти күчөтөбү же ишкерликке жол ачабы?
19:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Бывший муж, коммунальные долги и наследство - юрист о правах после развода и семейных конфликтов
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балалыкка канат тартуулаган борбор: “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору жаштарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатат?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев аймак жетекчилеринин эл менен байланышы жоктугун сынга алды

Жазылуу
Өкмөт башчы мамлекеттик органдарга айрылган ар бир жаран көңүл сыртында калбашы керек экенин айтты.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Мамлекеттик органга кайрылган ар бир жаран тиешелүү жоопту тез жана сапаттуу түрдө алышы керек экенин премьер-министр Темир Сариев аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында Сариев өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн иш пландары сапаттуу, конкреттүү жана натыйжалуу болушу керек экендиги белгиленди. Премьер-министр ар бир облус жана райондук деңгээлдеги программаларды кайрадан сапаттуу түрдө инвентаризациялоодон өткөрүү тапшырмасын берди.

"Формалдуу, кагаз жүзүндө калган, мөөнөтү өтүп кеткен, же актуалдуулугун жоготкон программалык документтерди четке кагуу керек же кайрадан иштеп чыгуу керек. Мамлекеттик кызматкерлердин графигининде жарандарга максималдуу шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек. Кайрылган ар бир жаран тиешелүү жоопту тез жана сапаттуу түрдө алышы керек", — деп айтты Сариев.

Буга байланыштуу кийинки жылы ар бир облуста жана райондо коомдук кабылдамалар жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия түзүү, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүү жана тейлөөнүн сапатын жакшыртууну тапшырды.

Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине "Жеткиликтүү турак-жай" программасын ишке ашыруу жана инвесторлор, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү милдети коюлду.

"Облус жана район жетекчилеринин 2016-жылдагы ишинин эффективдүүлүгү бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү жана инвестиция тартуу деңгээлине жараша бааланат. Ар бир облус, ар бир шаар жана район жетекчилеринин иши инвестиция тартуу эле эмес, бизнеске негизи жок, мыйзамсыз басым көрсөтүп-көрсөтпөгөнү боюнча да бааланарын эскертем", — деди Сариев.

Ошондой эле премьер-министр айыл чарбаны колдоо, аймактардагы ирригациялык системаларды жана таза суу менен камсыз кылуу, дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн санын азайтуу боюнча конкреттүү пландарды иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0