БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Окумуштуулар айдын горизонтунда жердин сүрөтүн Lunar Reconnaissance Orbiter НАСА (LRO) космикалык аппаратынын жардамы менен тартып алышканын РИА Новости НАСАга шилтеме берүү менен маалымдады.
"Бул сүрөт абдан сонун", — дейт НАСА LRO илимий долбоорунун жетекчисинин орун басары Ноа Петро.
Сүрөттө жердин фотосу Комптон кратеринин фонунда даана көрүнөт. LRO аппараты 2009-жылы 18-июнда учурулган.