БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкек ШИИБ мэрия кызматкеринин жасалма диплом менен иштеп жүргөнүн аныктап чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган жаран жумушка орношуу маалында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин 1998-жылы аяктагандыгы тууралуу диплом көрсөткөн.
Текшерүү маалында университет тарабынан мындай диплом берилбегени аныкталган.
Учурда бул факт каттоого алынды. Иликтөө иштери жүрүп, кылмыш ишин козгоо маселеси көтөрүлүүдө.