БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Каракол — Балыкчы унаа жолунун 10-чакырымында "Хонда Степ-Вагон" жана "Тойота-Эстима" унаалары кагылышып, андан төрт адам каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, көз жумгандардан тышкары дагы төрт адам жаракат алып, анын экөө учурда реанимациялык бөлүмдө.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар автоунаага кыпчылып калган адамдардын жансыз денесин чыгарып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда кырсыктын себептери такталууда.