Кыргызстанда аты-жөнүн алмаштыргандар азаюуда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркыга салыштырмалуу аты-жөнүн алмаштырган жарандардын саны төмөндөгөн.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында өлкө аймагында 31 миң 628 киши аты-жөнүн алмаштырганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эң көп аты-жөнүн алмаштыргандар Ош (8351 киши) жана Жалал-Абад (6195 киши) облустарында катталган. 

Былтыр аты-жөнүн алмаштыргандардын саны 34550 кишини түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0