БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бейшемби күнкү жыйындын күн тартибине акыйкатчыны шайлоо маселесин киргизиди.
Шейшемби күнү парламенттик конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети акыйкатчы кызматына алты фракциядан сунушталган талапкерлерди карады.
Аталган орунга төмөнкү адамдар талапкер болууда:
- Мурат Жетимишбаев ("Өнүгүү-Прогресс");
- Нурланбек Жээналиев ("Бир Бол");
- Атыр Абдрахматова ("Республика — Ата Журт");
- Турсунбек Акун, Гүлгакы Мамасалиева, Бакыт Рысбеков ("Ата-Мекен");
- Гүлнара Жамгырчиева (СДПК);
- Канатбек Тургунбеков ("Кыргызстан").
Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында буга чейинки акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин иш-аракетин канааттандырарлык эмес деп таап, кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Мыйзам боюнча акыйкатчыны шайлоо бир ай ичинде, башкача айтканда 25-июлга чейин шайланышы керек болчу.
Аманбаев кызматтан кеткенден кийин анын милдетин аткаруучу болуп, орун басары Гүлнара Жамгырчиева дайындалган.