Ал 35 тасмага тартылып, ар биринде кайталангыс образдарды жараткан. Таланттуу актер Пржевальскидеги педагогикалык училищени аяктаган. 1953-жылы Ташкенттеги А. Островский атындагы театралдык-көркөм институтун аяктаган. Ушул эле жылдан тарта Кыргыз академиялык театрында актер болуп иштеп баштаган. 1955-жылдан тарта киного тартылып баштаган.
Ал 1955-жылы Василий Прониндин "Салтанат" тасмасына тартылган. Андан кийин катары менен Мелис Убукеевдин "Жоро" жана "Тайгак кечүү" тасмаларында роль жараткан.
Ал жараткан кайталангыс образдар көрүүчүлөрдүн элесинде көпкө сакталат. Анын "Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Каныбек", "Саманчынын жолу", "Ак Мөөр" тасмаларында эң бир сонун ролдорду ийине жеткире аткарган.
Советтер союзунун актеру, КР эл артисти Советбек Жумадылов 2001-жылы 24-мартта узакка созулган оорудан улам каза болгон.

1/14
© Фото / Александр Федоров
"Жоро" тасмасы актердун эң биринич тартылган тасмаларынын бири

2/14
© Фото / Александр Федоров
"Тайгак кечүү" тасмасын тартууга даярдануу учуру

3/14
© Фото / Александр Федоров
"Караш-караш" тасмасынан көрүнүш. Жарыялана элек сүрөт

4/14
© Фото / Александр Федоров
"У каждого своя дорога" тасмасын тартуу учурундагы тыныгуу

5/14
© Фото / Александр Федоров
Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасынан көрүнүш

6/14
© Фото / Александр Федоров
"Бакайдын жайыты" киносун тартуу учуру

7/14
© Фото / Александр Федоров
"Заговор" тасмасында актер өзгөчө роль жараткан

8/14
© Фото / Александр Федоров
Мар Байжиев, Төлөмүш Океев, Досхан Жолжаксынов жана Советбек Жумадылов сценарийди талкуулап жатат

9/14
© Фото / Александр Федоров
"Каныбек" тасмасынан көрүнүш

10/14
© Фото / Александр Федоров
Токтогул ГЭСи тууралуу кинону тартуу учуру

11/14
© Фото / Александр Федоров
"Көчө" киносун тартууга даярдануу

12/14
© Фото / Александр Федоров
Режиссер Яков Бронштейндин "Бактылуу адамдын жоруктары" тасмасынан көрүнүш

13/14
© Фото / Александр Федоров
Айтурган Темирова жана Гүлсара Ажыбекова менен

14/14
© Фото / Александр Федоров
Геннадий Базаровдун "Биринчи" тасмасынан көрүнүш.