БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев өз куттуктоосунда прокуратура кызматкерлерине укук тартибин жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча өзгөчө маанилүү жана жооптуу милдет жүктөлгөнүн белгиледи.
"Өткөн ондогон жылдар бою бул багытта бай тажрыйба топтолду. Мамлекетке жана мыйзамга берилип ак ниет кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн бир катар прокуратура кызматкерлери коомчулукка белгилүү", — деп айтылат куттуктоодо.
Мамлекет башчысы ошондой эле, Кыргызстан эли прокуратура органдары адилеттүүлүктүн жана мыйзамдын ишенимдүү коргоочусу болушун көксөп турганын белгиледи.
"Калыстык жана объективдүүлүк, компетенттүүлүк жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу, мыйзамды жана абийирди ыйык тутуу сиздердин иштеги негизги принциптериңиздер болушу керек", — деди Атамбаев.
Президент прокуратура кызматкерлерине чың ден соолук, бак-таалай жана элдин кызыкчылыгына жана Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө багытталган жооптуу ишинде ийгилик каалады.