БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов жаш шахматчы Руслан Съездбековду Азия чемпионатынан коло медаль алышы менен куттуктады.
Руслан Съездбеков борбор калаадагы №5 улуттук компьютердик гимназияда окуйт, ал эми шахмат анын сабактан кийинки сүйүктүү эрмеги.
Мэр Кулматов өспүрүм шахматчыны Азия чемпионатынан алып келген коло медалы менен куттуктап, белектерин тапшырып, келечектеги оюндарына ийгилик каалады.
Шахмат боюнча 20 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы Азия чемпиондугу 2-12-октябрда Бишкек шаарында өткөн. Турнирде сегиз өлкө – Кытай, Индия, Иран, Шри-Ланка, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 40 оюнчу ат салышкан.