БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы капитанын тандап алганын Футбол федерациясы билдирди.
Учурда команда Тажикстандын Хунджант шаарында бүгүн башталып 16-ноябрга чейин улана турган Азия чемпионатынын тандоо турунун алдындагы беттешүүлөргө даярдык көрүп жатат. Кыргызстандын курама командасы Тажикстан, Түркмөнстан жана Афганистан командалары менен "А" тайпасына кирген.
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук командасы бүгүн толук курамы менен машыгуудан өтүштү. Командага Рустам жана Руслан Ермековдор, Эркин Табалдиев, Нуржан Жетибаев жана Эмил Канетовдор бүгүн кошулду. Учурда оюнчулардын баарынын абалы жакшы.
Тандоо турунун жыйынтыгы менен тайпадан эки команда чыгат. Азия чемпионатынын финалдык бөлүгү 2016-жылы Ташкент шаарында 10-21-февраль күндөрү өтөт.