БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ӨКМ жетекчилери Ысык-Көлдүн жээгинде жолуга турганын Кытайдын Жарандык администрация министрлигинин башчысы Ли Лиго билдирди.
Жолугушуу 2017-жылдын август-сентябрь айларына пландалган. ШКУга мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелери менен алектенүүчү ведомство жетекчилеринин VIII кеңешмесинин катышуучулары бул сунушту колдошту.