Эртең Кыргызстанда кар жаашы күтүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор аянттагы фонтан. Архив
Борбор аянттагы фонтан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Эртең, 14-ноябрда Кыргызстанда кар жаай турганын ӨКМ билдирди.

Кыргызстандагы Дүйнөлүк университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан боюнча эртең да кар аралаш жаан жаайт
Мекеменин маалыматына ылайык, республикада мезгил-мезгили менен кар аралаш жаан жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 

Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. 

Бишкек жана Ош шаарларында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз абанын температурасы Бишкекте жети, ал эми Ошто 10 градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0