БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп окуучуларынын билим деңгээли жаңы предметтик стандарттарды иштеп чыгып, мугалимдерди массалык түрдө кайра окутуу зарылдыгын жаратты деп билдирди министр Элвира Сариева изилдөөлөрдүн жыйынтыгын талкуу учурунда.
Маалыматка ылайык, республика боюнча математика, физика, химия, кыргыз жана орус тилдери боюнча 8-класс окуучуларынын билим деңгээли текшерилди.
Изилдөөлөр психометриялык анализдин негизинде жүргүзүлгөн. Мындай ыкма окуучулардын былтыркы окуу жылындагы жетишкендиктеринен тереңирээк натыйжа берет.
"Бул изилдөө иштери билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткендигин тастыктап турат. Демек, жаңы предметтик стандарттарды иштеп чыгып, окуу материалдарын жаңыртып, мугалимдерди массалык түрдө кайра окутуу муктаждыгы жаралды", — деди Сариева жыйын учурунда.
Анын айтымында, мектепте билим берүү системасына жаңы ыкмаларды киргизүү зарылдыгы изилдөөнүн негизги жыйынтыгы болуп эсептелинет.
"Министрлик учурда предметтик стандарттарды жаңылоо боюнча иштерди баштады. Эмдиги жылдын башында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча атайын институт ачылып, анын иши окутуунун сапатын жакшыртууга багытталат", — деди министр.
Жыйында жаңы стандарттык предметтерди алгач пилоттук мектептерге киргизип, сыноо сунушталды.
Улуттук тестирлөө борбору жүргүзгөн изилдөөгө бардык облустар менен Бишкек шаарындагы 8-класстардын 4299 окуучусу катышкан.