БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек – Ош кан жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда учурда автотыгын жоктугун Транспорт жана байланыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, автотыгын кечинде пайда болгон. Учурунда чаралар көрүлүп, кеч курун автотыгын азайган.
"Учурда Төө-Ашууда эч кандай автотыгын жок. Жол эки тарапка тең ачык", — деп министрликтен билдиришти.
Кечээ кечинде социалдык тармактын колдонуучулары Бишек – Ош кан жолунда ири автотыгын пайда болуп, айдоочулар сааттап жолдон өтө албай тургандыктарын жазышкан.