БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Экипажында беш кишиси жана жети жүргүнчүсү бар жүк ташуучу россиялык учак Түштүк Судандын борбору Жуба шаарында кыйроого учураганын South Sudan Tribune басылмасы жазып чыкты.
Twitter тармагына жайгаштырылган маалыматка ылайык, учактагы 12 адамдан эки чоң киши жана бир наристе гана аман калган.
Учактын экипаж мүчөлөрү да, жүргүнчүлөрү да россиялыктар экени маалым болду.