БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарын ала-булут каптайт жана жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетиши мүмкүн. Түнкүсүн —6 градуска чейин суук болсо, күндүз +6 градуска чейин жылуу болот.
Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок, тайгак болот. Ысык-Көл акваториясында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 19-24 метрге жетет.