Кыргызстандын бир катар аймактарында суук —10 градуска жетет

© Sputnik / Табылды КадырбековКарга байланган жалбырак. Архив
Карга байланган жалбырак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, ал карга айланат. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" билдирди.

Кол чатыр кармаган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноябрь айы бороон менен башталат
Бүгүн күндүз абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде —2 градуска чейин жетет. 

Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында —1 градус сууктан —10 градуска чейин суук болот. 

Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0