ШИИБ: беткапчан кишилер кемпирди үйүнөн, акчасын алып кетишкен

© flickr.com / FeansЭркектин муштуму. Архив
Эркектин муштуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкерлер кемпирди сабап, анын 20 миң сомун уурдап кетишкенин милиция билдирди.

БИШКЕК, 30-окт. —Sputnik. Беткапчан кишилер Чүй облусунда жашаган кемпирдин үйүнө кирип, аны сабап, акчасын алып кеткенин Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер Дамира Ниязалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тез жардам дарыгеринин сабалышы боюнча ишти Ниязалиева көзөмөлдөйт
Ысык-Ата РИИБине Киров айылынын тургуну 78 жаштагы кемпир арыз менен кайрылып, беткап кийген бейтааныш үч киши үйүнө кирип, аны сабап, 20 миң сомун алып кетишкенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Каракчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери каракчылыкка шектүү деп Чүй облусунун үч тургунун кармашты. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0