Ош – калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турган Кыргызстандын шаары. Учурда Ош калаасында бейрасмий жарым миллионго жакын, ал эми статистикалык маалыматтар боюнча 265 миң киши жашайт.
Шаарда кыргыз, өзбектерден тышкары? орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азер жана башка улуттар отурукташкан.
Шаардын тарыхына кайрылсак, б. з. ч. IV к. – б. з. V кылымында шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү борборго айланган. VIII-X кылымдары Ош чоңдугу бoюнча Фергана аймагындагы эң ири шааарлардын бири болгон.
Шаардагы акыркы жагымдуу окуя 28-октябрда болуп, эл заманбап, жаңы, ыңгайлуу көпүрөлүү болду.

Ошол кездеги Ош шаарынын аймагы. Сүрөт 1926-жылы тартылган

2/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Ош шаарынын жергиликтүү эл менен туристтер эң көп каттаган жайы, атактуу Сулайман-Тоо. Тоонун алдында орнотулган "Достук" монументи. 1984-жыл

3/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Шаардын аймагындагы мечит. 1965-жыл

Султан Ибраимов атындагы Ош облустук улуттук драма театры. 1982-жыл. Бул жерде искусствонун бир топ залкарлары иштеген

5/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Ош шаарындагы жаңы түшкөн турак үйлөр. Азыр эл бул аймакты "Араванская" деп атап алган. 1982-жыл

Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн аймагы. Сүрөт 1974-жылы тартылган. Учурда бул жерге жакында эле заңгырган, заманбап, эстакадалык көпүрө түштү

7/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Бул аймак шаардын чок ортосу деп эсептелген. 1967-жыл

Ош мамлекеттик педагогикалык институту. Сүрөт 1960-жылы тартылган. Азыркы аты Ош мамлекеттик университети. Кыргызстандын интеллигенциясын даярдаган билим ордолорунун бири

9/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Түштүк борбордогу бакыт өргөөсү. 1978-жыл. Бул жерден көп үй-бүлөлөр турмуштун ары түйшүктүү, ары бактылуу жолуна аттанган

10/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепкана. 1989-жыл

11/18
© Фото / предоставлено Центральным Госархивом КР
Түштүк борбордогу "Семетей" кинотеатры азыркыга чейин атын өзгөрткөн жок. 1982-жыл

Азыркы аталышы — "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекси. Сүрөт 1986-жыл

13/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Ош шаарында ошол кезде жаңы ачылган "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнү. 1976-жыл

14/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Тиричилик үйү. 1980-жыл

15/18
© Фото / Центральный Госархив КР
Ош шаарына жаңылык болуп кирген фонтан-комплексинин ачылышы. 1980-жыл

16/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Азыркыга чейин элди тейлеп келе жаткан "Алай" мейманканасы. 1980-жыл

17/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Бул аба майданы азыр — Эл аралык "Ош" аэропорту деп аталат

18/18
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Түштүк борбордун жалпы көрүнүшү. 1961-жыл. Бул тентектер азыр пенсия курагындагы чоң аталарга айланса керек.