БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы көпчүлүк коалициянын курамына кирүүгө макул болгонун аталган фракциянын өкүлү Исхак Масалиев билдирди.
Бейшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын лидерине көпчүлүк коалиция түзүү укугун тапшырган.
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы жыйын өткөрүп, коалицияга кирүү чечимине келгенин билдирген. Андан кийин Чыныбай Турсунбеков менен сүйлөшүүдөн соң Канат Исаев "Кыргызстан" фракциясынын коалицияга кошулуусу тууралуу билдирген.
Парламенттик көпчүлүк коалициясы 79 добушка ээ болду.
Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттарынын тизмесин Sputnik инфографикасында көрүңуз>>