БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кечээ, 27-октябрь күнү "Орок" подстанциясында чыккан өрттөн улам "Көк-Жар" айылы, "Алтын-Ордо" жана "Көк-Жар" жаңы конуштары жарыксыз калганын "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт подстанциянын 10 киловаттык жабык бөлүштүрүүчү түзүлүшүндө чыккан. Мунун натыйжасында эки секция жабыр тартып, аталган аймактар жарыксыз калган. Жалын өрт өчүрүүчүлөрдүн күчү менен өчүрүлгөн.
Учурда өрт чыккан подстанция жана андан жабыр тарткан түзүлүштөрдү төрт бригаданын жумушчулары тарабынан күнү-түнү оңдолуп жатат.