БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 түзөтүү колониясында өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырагандар атайын комплекс курулушунун алгачкы этабы аяктаганын ЖАМК билдирди.
Министрлик жакын арада өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраган 100 жаран которулуп келерин белгилейт. Алардын арасында терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондор бар. Жаңы имараттын камералары 2-4 адамды кармоого ылайыкталган.
"Мындан тышкары, Коргоо кеңешинин чечими менен №19 колониядан тышкары төрт мекемеде диний экстремизм боюнча соттолгондорду кармоо үчүн атайы жайлар курулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда аталган колониядагы кызматкерлердин штаттык санын көбөйтүү боюнча маселе өкмөттө каралып жатат.
Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырагандар үчүн атайын комплекстин курулушу 2007-жылы башталган.