БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Республикалык чемпионаттын жеңүүчүсү Караколдук кыздардын командасы болду деп билдиришти Футбол федерациясынан.
Караколдон келген Балдардын-өспүрүмдөрдүн адистештирилген атайын республикалык мектебинин спортчу кыздары бишкектик атаандаштарын утуп, биринчи орунду ээледи. Алар оюндун эсебин 1:2 менен жапты. Ал эми үчүнчү орунду Канттын "Абдыш-Ата" командасы ээледи.
Бишкектиктердин курамында улуттук курама команданын кыздары ойноду. Ал эми караколдук оюнчулардын намысын Кыргызстандын он алты жаштан төмөнкү кыздардын курама командасынын оюнчулары коргоду.