Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы: спорт мектебин ээн жерге которуш керек

© Sputnik / Эркин АлымбековМектептин талкалаган терезеси. Архив
Мектептин талкалаган терезеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция №38 мектеп-гимназиясына кол салган ээнбаштардын наадандыгына таң калса, ата-энелер балдардын коопсуздугуна чындап тынчсызданып жатат, ал эми психолог өспүрүмдөр чоңдордун жасагандарын кайталоодо деген ишеничте.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Республикалык олимпиадалык резеврдер мектебин соцобъектилерден обочороок жерге көчүрүү керек деп эсептейт Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жамиля Талканбаева.

№38 мектепке кол салуу – талкаланган терезе, даярдалган таяк жана жаалданган балдар
Шейшемби күнү эртең менен аталган спорт мектебинен 50-60 окуучу колдоруна жыгач, темир союлдарды көтөрүп алып Аламедин-1 кичи районундагы №50 мектеп-гимназияга кол салышкан. Директордун орун басары Маликан Наматованын берген маалыматына ылайык, 5 бала жабыр тарткан. 

Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жамиля Талканбаеванын айтымында, Бишкекте мындай массалык мушташ 2009-жылдары жана 2011-жылдары да болгон. Экөөндө тең спорт мектебинин тарбиялануучулары катышкан дейт ал. Анда спортсмендер Лебединовкадагы №2 мектептин окуучуларын коркутуп-үркүтүшкөн. 

"Бирок бүгүнкү окуя таптакыр эле ашынгандык. Бул чынында мамлекеттик объектиге кол салуу болуп эсептелет", — деди Талканбаева.

Өспүрүмдөрдүн эч кимди көзгө илбеген наадандыгы таң калтырат. Аларды мектептин күзөтчүлөрү да, мугалимдери да токтото албай койгон. Кичинекей балдардын өмүрү коркунучта калып, чоңураактары жапа тартышты дейт милиционер.

"Жакында эле болгон бычакташуудан кийин мектептин жетекчилиги, мугалимдер жана машыктыруучулар өспүрүмдөрдү көзөмөлдөө боюнча катуу чара көргөн эмес, ошон үчүн ал окуя уланып отурат. Менимче, машыктыруучулардын деле тарбиясы төмөн жана педагог катары балдарга бере тургандары аз", — деп белгиледи Талканбаева.

Анын пикиринде, аталган спорт мектебин, көпчүлүк азыр айтып жаткандай, жоюп салуунун зарылчылыгы жок, бирок аны соцобъектилерден оолагыраак жерге көчүрүү максатка ылайык.

"Олимпиадалык резервдер окуу жайында эмне деген кылмышкерлерди тарбиялап жатабыз? Спортсмендерге таза аба керек жана алар бир да бош жүрбөй, баш-оту менен кирип машыкканда гана алардан бир майнап чыгат. Ошон үчүн бул мектепти шаардын сыртында же Ысык-Көлдө уюштурса болот", — деди Талканбаева.

38-мектепте милиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жаңжалдан улам спорт мектеби убактылуу жабылды
№38 мектеп-гимназиясынын ата-энелери эми мектепке балдарын бейкапар алып келе албастыктарын жана баланын ар бир кадамына көз сала тургандыктарын айтышат. 

Нина Шестакованын сөзүнө караганда, башталгыч класстын балдары бөөдө жабыркап же өлүп да калышы мүмкүн болчу. Бул жерде күзөтчү да эч нерсе кыла алган эмес. Сыргак Абдылдаев болсо эми мектепке эрте келип жана мектептин тегерегиндеги чоочун кишилерге этият карай турганын билдирди.

Психологдор жана психотерапевттер ассоциациясынын президенти психолог, Михаил Мунькин мектептердеги массалык мушташтардын адатта ойлогондон бир топ терең себептери бар деп белгиледи.

"Чынында, алар "канга-кан", "биздикилерди уруп жатат" деген инстинктивдүү деңгээлде болот жана "топтошкондордун эффекти" менен күчөп кетет. Бирок өспүрүм өзү кирчү топко батып жашап кетиши керектигин эстен чыгарууга болбойт. Эгер ал "азыр жана ушу турган жеринен" көпчүлүккө кошулуп барбаса, эртең аны жөн эле бөлүп салышат да, ал өз тобунун колдоосунан жана коргоосунан ажырап калат", — деди Мунькин. 

Анан калса, бала жөн гана өзүн курчаган чоңдордун жасагандарын кайталайт деп белгиледи психолог.

"Азыр коом он-жыйырма жыл мурункуга караганда бир топ каардуураак, чоңдор да психологиялык терс кырдаалдардан жабыр тартып келет. Анан кичине балдар жөнүндө эмне дейбиз? Зомбулуктун элеси баланын аң-сезимине терең орноп, күч ыкмалары ал үчүн көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу катары сезилет", — дейт адис.

Психологдун айтымында, мындай абалдан чыгуунун жолу бар, бирок ал алдын алуучу мүнөзгө ээ. Ал эми коркутуп-үркүтүү жана катуу жазалоо тескери гана натыйжа берет. 

"Баланын, биринчи кезекте, эч бир бош убактысы болбошу керек жана аны зомбулуксуз аракеттерге, чыр-чатактан оолактай билүүгө үйрөтүү зарыл. Албетте, ар тараптуу билим өспүрүмдү оор абалдан чыгыш үчүн жол табууга жөндөмүн арттырат", — деди Мунькин.

Аталган окуу-жайдын жетекчилиги кызматынан четтетилип, болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду. Андан сырткары мектеп 19-ноябрга чейин убактылуу жабылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0