№38 мектепке кол салуу – талкаланган терезе, даярдалган таяк жана жаалданган балдар

Жазылуу
Милиция №38 мектептин окуучуларына кол салуу факты боюнча спорт мектебинин 47 тарбиялануучусун кармады. Шектелип жаткандар коюлган айыпты моюндарына албай жатышат. Укук коргоо органдары аларды камерага түшүп калган балдар менен салыштырууда.

38-мектепте милиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жаңжалдан улам спорт мектеби убактылуу жабылды
Шейшемби күнү эртең мененки саат 8.30да "Аламүдүн-1" кичи районундагы №38 мектепке кол салуу болгон. Алдын ала маалымат боюнч,а Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын 60ка чукул тарбиялануучусу союл-таяктар менен мектепке кирип келип, жогорку класстын беш окуучусун сабап кетишкен. Андан сырткары, терезе-эшиктерди талкалашкан. Мунун баарын алар эки мүнөткө жетпеген убакытта жасашты дейт күбөлөр.

Бишкек ШИИБ "Бейбашчылык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0