Депутат болбой калган Абдрахманов, Кулов, Жолдошова эми эмне иш менен алектенет?

Жазылуу
Өмүрбек Абдрахманов экономикалык журналистикага, Феликс Кулов ишкердикке кетсе, Жылдызкан Жолдошова жазуучулук кылат. Sputnik Жогорку Кеңештин жаңы курамына кирбей калган төбөсү көрүнгөн бир нече экс-депутаттар алдыдагы беш жылда эмне менен алектенүүнү пландап жатканына кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бейшембиде Жогорку Кеңешке шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, парламентке алты партия — КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" өттү. 

ЖКнын жаңы, алтынчы чакырылышына калган партиялардын курамында кайра келүү аракетин кылган азыркы депуттардан жок дегенде 35 адам кирбей калат. 

Ар-Намыс партиясынын лидери Феликс Кулов. - Sputnik Кыргызстан
Жолдошова, Кулов, Бакир уулу: жаңы парламентке кимдер кирбей калды?
Алардын айрымдары алдыдагы беш жылдагы депутаттык креслосуз жана саясатсыз өз пландары, көздөгөн максат-ойлору жөнүндө Sputnik агенттигине айтып беришти. 

"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов өз партиясы менен парламентке өтүүгө аракет жасап, бирок алган добуштарынын саны бир пайызга да жеткен жок. Ал депутаттык мандаттан ажыраса да, саясий ишмердүүлүгүн таштабасын билдирди.

"Мен кемчиликтердин, Конституциялык реформалардын үстүндө иштеп, жаңы мыйзам долбоорлорун жазуу менен алектенем. Парламенттик шайлоодо акча чечүүчү роль ойногондуктан, мен шайланган партиялардын "жомокту чындыкка" кандайча айлантышарына, тактап айтканда, убадаларын кандай аткарарына байкоо салмакчымын. Ал эми үй-бүлөмдү багыш үчүн ишкердикке көбүрөөк көңүл бурам",— деди ал. 

Депутат Өмүрбек Абдрахманов жарандык журналистикага өтсөм деген ниетте. 

"Мен Кыргызстандын саясаты жана экономикасы жөнүндө жазганга дайым кызыкчумун. Ошондуктан өзүмдү саясий баяндамачы катары сынап көрсөмбү дейм – ЖКнын жаңы мүчөлөрү өз убадаларын кандай аткарарына байкоо салам. Андан тышкары, "Кыргыз саясатынын Макиавеллиси" деген мыкты материал жаза баштадым. Бирок ойлобогула, жазуучулук эмгегим үчүн мага эч акы төлөөнүн кереги жок", — деп билдирди Абдрахманов. 

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады
"Республика" фракциясынан депутат Роза Акназарова мамлекеттик кызматтан орун тиерине ниеттенет. 

"Менин эч кандай жеке бизнесим жок. Эми мен жөн гана илимий кеңештин мүчөсүмүн жана билим берүү тармагында иштеп, өз тажрыйба-билимим менен бөлүшө алам. Бирок мага мамлекеттик кызматтан орун сунуштап калышса, көпкө ойлонуп отурбайм", — деген пикирин айтты экс-депутат айым. 

Мамлекетти жана кыргыздардын жашоо ыргагын өзгөртүүгө "жөндөмдүү", сансыз идеялары менен атагы чыккан, эң "көп кырдуу" саясатчы Турсунбай Бакир уулу депутаттык мандатын жоготконуна кападар эмес жана ага элчи болуп иштөөгө качан мүмкүндүк беришерин күтүп жаткан учуру. 

"Мен дипломатмын. Ошондуктан депутаттын статусу жөнүндө мыйзам качан күчүнө кирип жана качан мага Кыргызстандын шериктеш өлкөлөрүнүн биринде элчилик орун сунушташарын күтөм. Ошондой эле мен өлкөнүн биринчи акыйкатчысы катары, эгер, депутаттар мени чакырыш керек деп эсептешсе, укук коргоо органынын кадыр-баркын кайра көтөрүүгө даярмын. 

Ишкердик кылып жана китеп жазганга эч качан колум тийген эмес. 1999-жылдагы Баткен согушу жөнүндө жазсам дечүмүн, эми тилегим орундалат. Мен иштерманмын да — таңкы жетиден түнкү экиге чейин Ак үйдө отурчумун. Дарбазадан ким акыркы чыкчу экенин күзөттөгүлөр билет.

Алла таала: "Эгер бир нерсени жасай албай калсаң, капа болбо – мен сени жамандыктан сактап калдым, анын ордуна башка жакшылык берем" деп айткан экен. Мага берди. Бала-чака, неберелерим менен күн сайын убакыт өткөрүп жатканыма кубанып турган кезим" — деди ал. 

Бүтүн Кыргызстан Эмгек партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мадумаров: добуштардын кайта саналышын талап кылабыз
"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Эсенгул Исаков саясатты фермерчиликке алмаштырмакчы. 

"Депутаттык мандатты жок болсо эле жашоо бүтүп калбайт. Мен 60 жыл бекер жашаган жокмун, билим-тажрыйба топтодум. Азыр аларды пайдаланар мезгил келди. Айыл чарбасы менен алектенип, экологиялык таза азык-түлүк өндүрөм", — деп пландары менен бөлүштү Исаев.

"Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошова "Аалам — Партиясыздардын партиясынын" курамында талапкерлик кылып, бирок уттуруп койду. Эми жеңгендер элди сатып алышканын далилдеп жана эскерүүлөрүн жазат экен. 

"Шайлоочулардын көбүн сатып алышты, ошон үчүн кыргызстандыктар кулга окшоп сатылып кеткенин жана байлыкка чиренген, ыплас атка минерлер эч жакшылык алып келбесин түшүндүрүүгө аракет кылабыз. 

Ошондой эле мен өз өмүрүм жөнүндө китеп жаза баштаганыма көп болду. Эркектер мурда кандай болгону, өзүмдүн Москвада, Эстонияда, Прибалтикада өткөргөн күндөрүм, тагдыр мени жолуктурган кызыктуу адамдар жөнүндө жазайын деген ниетим бар",— деди Жолдошова. 

Ал, башкысы, кайрымдуулук иштери менен алектене тургандыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттарынын мөөнөтү VI чакырылыштагы жаңы парламентарийлер ант бергенден кийин расмий аяктайт.

Алты партиянын ар бири канчадан депутаттык мандатка ээ болгонун Sputnik инфографикасынан көрсөңүз болот>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0