БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда өткөн республикалык VII спартакиадада Бишкек шаарынын командасы биринчи орунду ээлегенин Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-октябрда башталып, бир жума бою уланган спорттук мелдеште жалпы командалык эсеп боюнча Жалал-Абад облусу экинчи орунду багындырса, Чүй облусунун спортчулары үчүнчү болушту.
Мелдеш облустун Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлы-Суу жана Токтогул шаарларында спорттун 13 түрү — баскетбол, волейбол, футбол, бокс, дзюдо, аялдардын күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, самбо, жеңил атлетика, стол тенниси, оор атлетика жана шахмат боюнча өттү.
Спартакиаданын жабылш аземи өтүп, анда алдыңкы орундарды ээлеген командаларга байгелер тапшырылды.