БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы түрмөдөн кылмышкерлердин качканына байланыштуу кыргыз-казак чек арасына көзөмөл күчөтүлгөнүн Sputnik агенттигине аталган мекеменин маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
12-октябрга караган түнү тогуз кылмышкер түрмөдөн качып, ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин катуу жарадар кылышкан. Кылмышкерлердин бешөө айланма жолдон кармалган. "Перехват" планы жарыяланды. Качкан кылмышкерлердин үчөө тыюу салынган "Жайшуль-Махди" диний уюмунун мүчөлөрү экени маалым болду.
Бөрүбаеванын айтымында, кезметтеги чек арачылардын саны көбөйтүлүп, өткөрүү пункттарындагы көзөмөл күчөтүлдү. Мекеме коопсуздукту камсыздоого жана укук коргоо органдарына кылмышкерлерди өз багыты боюнча издөөгө көмөк көрсөтүп жатканы маалымдалууда.