БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Шайлоо боюнча бардык талаш-тартышка Борбордук шайлоо комиссиясы жооп берип, соттор саясатка кийлигишпей турганын Жогорку Соттун судьясы Айжамал Ажибраимова шайлоо укугун коргоо эл аралык эксперттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ажибраимова өлкөдө буга чейин ар бир шайлоо өтөрү менен мыйзам өзгөрүлүп турганын маалымдады. Эгер мурда шайлоо иштери боюнча талаш-тартыштар бардык райондук сотторунда каралып, чечимдери массалык митинг жана революцияларга чейин алып барганын айтып берди.
"Бүгүнкү күндө шайлоо укугу боюнча жаңы мыйзам иштелип чыгып, ишке киргизилген. Бардык шайлоо талаш-тартыштарга БШК жооп берет. Соттор саясатка кийлигишпейт", — деди судья.
Шайлоо иштери боюнча бардык талаштартар, нааразылыктар участкалык шайлоо комиссиясында, аймактык, андан соң, Борбордук шайлоо комиссиясында каралат. Кийин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Борбордук шайлоо комиссиясына карата арыз берилет.
"Бардык арыздар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна келип жатты. Бүгүнкү күнгө26 жарандык иш келип түшкөн. Анын 11и боюнча Жогорку Сотко доо арыз келди. Шайлоо иштеринин мөөнөтүнүн кыска болгондугуна байланыштуу, алар биринчи инстанциядан кийин дароо Жогорку Сотто каралат", — деди Ажибраимова.
Жогорку Соттун судьясы Маргарита Мельникова талаш-тартыштардын шайлоо комиссияларында каралышы ыңгайлуу жана бат болгонун, талаштар жеринен оперативдүү чечилип турганын белгиледи. Анын айтымында, бул комиссияларда чечилбеген иштер сотко келип жатты.
"Быйыл республика боюнча болгону 26 иш каралды, ал эми мурун бир гана райондук сотко келип түшкөн арыздын саны 100гө чукулдачу", — деди судья.
Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы кимдир бирөөгө карата чара көрбөсө, ал адам арыз жаза алабы деген эксперттердин суроосуна кыргыз Фемида өкүлдөрү ар бир жаран БШКны сотко берүүгө укугу бар экенин айтышты.
Жолугушууда камактагы жарандардын укугу да талкууланды.
"Тергөөгө алынган же камактагы жарандардын паспорту жазык иштеринин ичинде сакталат. Буга карата мыйзам бар. Ага ылайык, жетекчилер тарабынан алрдын паспорт көчүрмөлөрү күбөлөндүрүлүп, алар ошол боюнча алар добуш бере алышты", — дешти кыргызстандык судьялар.
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого 1,5 миллион кыргызстандык жаран добуш берди.