БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Россияда издөөгө алынган эки жаран Чүй облусунан колго түшкөнүн ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй ИИББдин кызматкерлери ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 40 жана 34 жаштагы эки кишини кармаган.
Аталган жарандар Россияда мамлекеттик документтерди, сыйлыктарды, мөөрлөрдү жасалмалаган үчүн айыпталууда.
Учурда алар камакка алынды.