БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында күйдүргү дартына шектелип аймактык ооруканага жаткырылган эки бейтаптын бири Камалжан Чоёнов ооруга кабылгандыгы аныкталганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында дарыгерлерге кайрылышкан. 1-октябрь күнү алардан анализге үлгү алынып, Ош шаарындагы түштүк аймактык кара тумоо оорусуна каршы бөлүмүнө жөнөтүлгөн.
Кадамжай райондук Жарандык коргонуунун медицина кызматы тарабынан күйдүргү оорусунун алдын алуу боюнча иштери жүрүп жатат. Беш дарыгер жана 30 медайым оорунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш алып барып, Чекелик жана Подхоз участкаларында 212 кожолукка, 886 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ал эми Чоенов менен бирге ооруканага жаткырылган Айдаркен шаарынын тургуну Аширбай Колдошевдин оорусу боюнча анализдин жыйынтыгы чыга элек.