БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда күйдүргү оорусуна шектелип эки адам аймактык ооруканага жаткырылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында дарыгерлерге кайрылышкан.
Кечээ, 1-октябрь күнү бейтаптардан Кадамжай райондук санитардык жана эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан анализге үлгү алынып, Ош шаарындагы түштүк аймактык кара тумоо оорусуна каршы бөлүмүнө жөнөтүлгөн.
Мекеме анализдин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат бере турганын белгиледи.