БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кочкор районундагы Сары-Булак айылында 6-октябрда түнкү саат 11лер чамасында Бишкек – Торугарт кан жолунун 260-чакырымында катталган жол кырсыгынан үч адамдын экөө каза болуп, бирөө жаракат алган.
Маалыматка ылайык, "Мерседес-Спринтер" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун боюндагы тосмону сүзгөн.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаанын чыңалып өчпөй турган аккумуляторун өчүрүшкөн. Каза болгондорду жана жабыркаган жаран унаадан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилди. Каза болгондордун сөөгү туугандарына тапшырылган.