БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды деп Бишкек ШИИБ билдирди.
29-сентябрда түнкү саат 11.10дө Mazda Demio үлгүсүндөгү унаанын айдоочуусу мотоцикл айдап бараткан киши менен кагышып кетип, натыйжада мотоциклдин ээси окуя болгон жерден каза болгон. Мазданын ээси болсо изин жашырып кеткен.
Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, 1988-жылы туурган жаран кармалган.
Автоунаасы айып төлөөчү жайга токтотулуп, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.