БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында күн 26 градуска чейин ысып, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет. Түнкүсүн абанын температурасы +8 градус жылуу болот.
Ал эми Ош шаарында абанын температурасы 28 градуска чейин ысыйт. Бүгүн өлкө аймагында жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.