БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россиянын аймагында ачылган шайлоо участкаларынан 1065 киши өз добушун бергенин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.
Россияда кыргызстандык мигранттар көп жашаган алты шаарда — Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск жана Владивостокто шайлоо участкалары ачылган. Россиянын аймагында жүргөн жарандардын 9 миң 375и биометрикалык маалыматтарын тапшырган.
Ал эми КРдин Түркиядагы элчилигинде да добуш берүү өтүп, ага консулдук тизмеде турган жана биометрикалык маалымат тапшырган жарандардын 51 пайызы өз добушун берген. КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, добуш берүүгө Анкара, Эскишехир, Конья, Кайсери сыяктуу шаарлардагы студенттер, аспиранттар, курсанттар активдүү катышкан. Шайлоо учурунда адаттан тыш эч кандай окуя катталган эмес.