Алдын ала жыйынтыктар: кайсы партия парламенттен канча орун алат?

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоонун жыйынтыктарын саноо.
Шайлоонун жыйынтыктарын саноо. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык түрдө санаган урналарынан алынган маалыматтардын жыйынтыктары чыкты. Ага ылайык, КСДП партиясы 26,84 пайыз менен алдыда. Андан кийинки орунду "Республика Ата-Журт" (20,55 пайыз), "Кыргызстан" (12,73 пайыз), "Өнүгүү- Прогресс" (9,19 пайыз) жана "Бир Бол" (8,51 пайыз) жана "Ата Мекен" – (7,93 пайыз). 

Бул жыйынтыктарга ылайык, аталган партиялар парламенттен төмөнкүдөй орундарды алышы мүмкүн (кечки саат 20.30га алынган маалыматтар боюнча):

Абдраимов: алты партиянын бардыгы тең 0,7%дык босогодон өттү
КСДП – 37 орун;
  • "Республика Ата-Журт" – 29;
  • "Кыргызстан" – 18;
  • "Өнүгүү — Прогресс" – 13;
  • "Бир бол" – 12;
  • "Ата Мекен" — 11.
  • 4-октябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп, ага 14 партия катышты.

    Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

    Парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>>

    Жаңылыктар түрмөгү
    0