БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Илдар жана Руслан Амировдор Түркиянын "Туранспор" футболдук клубу үчүн ойной турганын КРдин Футбол федерациясы билдирди.
Буга чейин ага-ини Бишкектин "Алга" командасы үчүн ойноп келген. Акыркы эки жумада футболчулар жаңы команда менен машыгууларын өткөрүштү. Ал эми расмий келишимге 2-октябрда гана кол коюлган.
"Туранспор" командасы Түркиянын төртүнчү лигасында ойнойт. Бүгүн кыргызстандык футболчулардын алгачкы оюну болмокчу.