БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыктарында (СДБ) мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө туруктуу коррупциялык схемалар аныкталганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы Талас, Баткен жана Нарын облустары боюнча СДБ тарабынан айрым райондук соттордун имараттарын куруп-оңдоого тендер жыйынтыгынын негизинде бир катар курулуш уюмдар менен келишимдер түзүлгөн.
"Талас СДБ 2014-жылдын декабрында "Таштан-Курулуш" ишканасына 5,7 миллион сом которуп берген. Графикке ылайык объект 2015-жылдын майына чейин бүтүрүлүшү керек эле, бирок оңдоо жумуштары бүткөн эмес. Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 1,3 миллион сом мыйзамсыз колдонулган факты аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Баткен облусунда башкармалык имаратты капиталдык оңдоо үчүн "Бай-Тоо" ишканасы менен жалпы суммасы 1,9 миллион сомдук келишим түзгөн. Мындан мамлекеттик сатып алууларды даярдоо жана алып баруусунун тартиби бузулган.
Ошондой эле Нарын СДБсы "Таштан-Курулуш" компаниясы менен келишим түзүлүп, акча толук которулганы менен тийиштүү жумуш өз мөөнөтүндө аткарылган эмес. Мындан улам мамлекетке 2 миллион 979,2 миң сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.
Азыркы маалда "Таштан-Курулуш" ишканасынын жетекчиси издөөгө алынды.
Ал эми аталган фактылар боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу", "Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу" жана "Алдамчылык" беренелерине ылайык үч кылмыш иши козголду.
Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.