БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол федерациясы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтүүчү оюн алдында жергиликтүү футболчуларды колдоо иретинде мыкты сүрөөнгө сынак жарыялаганын билдирди.
Тажикстан жана Бангладеш командалары менен беттешүү Бишкектеги борбордук стадиондо октябрь айында өтөт.
Сынактын шарты боюнча, күйөрман федерациянын баракчасында каттоодон өтүп, "Кыргызстан", "Алга" жана "Жеңиш" деген сөздөрдү катыштырып сүрөөн сөзүн ойлоп табышы керек. Андан кийин төрт сапты пикир иретинде сынак тууралуу жазылган тексттин алдына жайгаштыруу зарыл.
Баракчада эң көп "лайкка" ээ болгон сүрөөндүн ээси жеңүүчү аталат. Мында 9-октябрь саат 18.00гө чейин уланат.
Мында күйөрмандардын саптары сөгүнгөн, мазак, уят сөздөрдү камтыбашы шарт.
Сынактын жеңүүчүсү Кыргызстан — Бангладеш беттешүүсүнө билет жана федерациянын белек-бечкегине ээ болот.