Австралия — Кыргызстан оюнуна үч күндө 12 миң билет сатылды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүБилет сатуу. Архив
Билет сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы үч күндө билеттер Австралиянын Футбол федерациясынын сайтында футболчулардын үй-бүлөлөрүнө, мамлекеттин расмий адамдарына сатылган. Ал эми расмий түрдө билеттер жума күндөн тарта сатыла баштады.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Канберрада үч күндө Кыргызстан менен Австралиянын ортосунда боло турган оюнга 12 миң билет сатылганын жергиликтүү The Sydney Morning Herald басылмасы билдирди.

Эки команданын беттешүүсү 12-ноябрь күнү Австралиянын борбор калаасында өтөт. Июнда кыргызстандык оюнчулар Австралиянын командасын өз талаасында кабыл алган. Анда беттешүү 1:2 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктаган.

Австралиялык басылма жума күнү Канберра "Cоккерс" деп аталган Австралиянын курама командасын колдоого алганын билдирди.

Австралия менен Кыргызстандын беттешүүсүндөгү күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчуларын Австралияда сүрөөнгө алуу пландалууда
Басылманын маалыматы боюнча, шейшембиден баштап билетти алгач Австралиянын Футбол федерациясынын сайтында каттоодон өткөн футболчулардын үй-бүлөлөрү, мамлекеттин расмий адамдары жана башкалар сатып алышкан. 

Ал эми кеңири сатыкка билеттер бүгүнтөн тарта коюлду.

Уюштуруучулар 25 миң киши баткан стадиондо бут коерго жер жок болот дешүүдө. Canberra Stadium акыркы төрт жылда биринчи ирет 95 пайызга толушу мүмкүн.

Австралиянын Футбол федерациясынын президенти Дэвид Гэллоп билет сатып алгандардан жакшы пикир угуп жатканын белгиледи.

"Канберранын стадиону азыр эле жарымына чейин толду, бул өтө таң каларлык көрүнүш. Күйөрмандар жакын арада көптөн бери көрө элек сүйүктүү футболчуларын көрө алышат", — деди ал.

Австралиянын ЖМКлары КРдин футбол боюнча курама командасын олуттуу атаандаш деп атады
Австралиялык маалымат каражаттарынын маалымдашынча, билет баасы 60-100 австралиялык долларга бааланууда. Бул болжол менен 3 – 4,5 миң сомду түзөт.

Төрт турдун жыйынтыгы менен тогуз упай топтого австралияктар ишенимдүү алдыда келе жатат. Экинчи орунда жети упай менен Иордания турса, андан кийин куржунунда төрт упай бар Кыргызстан, акыркы орунда бирден упай алган Тажикстан менен Бангладеш турат.

Бардык командалардын кийинки раундга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн алдыдагы беш оюнду жеңиш менен аяктоо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0