БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Боомдогу автожолдун бир катар жерлеринде катттам 21-сентябрь — 30-октябрь аралыгында күн сайын 10-00дөн 15-00гө чейин жабылып турат. Бул турасында "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун сакташ үчүн Бишкек — Торугарт автожолунун Боом капчыгайында 119-чакырымынан тартып 132-чакырымына чейинки аралыгы таштарды кулатып түшүрүү иштеринен улам жабылып жатканын айтышты.
"Таш кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы тарабынан жол жабылып турат", — деп билдирди маалымат кызматынан.
Алар келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн алдын ала кечирим сурай тургандыктарын билдиришкен.