БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Бишкек — Кемин авто жолунун Токмок шаарынын аймагында "ВАЗ – 2107" унаасы жолдон чыгып, оодарылып кеткенин Чүй облустук ИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 16-сентябрь күнү трассанын 56-чакырымында болгон. Анын кесепетинен, унаанын 31 жаштагы айдоочусу ооруканада көз жумду.
Аталган факт боюнча экспертиза дайындалды. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.