БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Лейлектин Исфана шаарында бир эле маркадагы унааны эки жолу уурдаган жергиликтүү тургун кармалганын ИИМ билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-6-сентябрь күндөрү чак түштө шаардык базардын жанынан ВАЗ-21011 үлгүсүндөгү унаа уурдалган. Ууру эки жолу тең машинага отуруп, тез айдап качууга үлгүргөн.
Биринчи күнү унаа шаар четиндеги айылдын биринен табылган. Экинчи жолкусунда "Жигулинин" "күйөрманы" машинаны майы түгөнгүчө айдап, бензин куюу жайына келгенде укук коргоо органдарынын колуна түшкөн.
Учурда анын башка унаа уурдоо кылмыштарына тиешеси текшерилүүдө. Ал эми аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголду.