БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин жыйынында өлкө парламенттик шайлоонун алдында туруктуулукка өзгөчө көңүл буруп, ишкердик жана инвестиция тартууга шартты жакшыртуу зарылдыгын билдирди.
"Өкмөт дал ушул тапшырмаларды алдына коюп, туруктуу өнүгүүгө шарт түзүү боюнча иштерди алып барууда. Биз үчүн парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүү жана Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу шартында ишкерлерге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маанилүү. Бизнес ар кыл саясий олку-солкулуктан, мыйзамдын аткарылбашынан чарчады", — деди Сариев.
Ал бизнес коомчулугундагы шартты жакшыртуу үчүн бул тармактагы мыйзамдарды карап чыгуу керектигин билдирди. Премьер-министр бул боюнча атайын эксперттик топ түзүлгөнүн айтып, буга бизнес коомчулугун активдүү катышууга чакырды.