БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ош облусунун Сары-Таш чек ара аймагынан Австриянын жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран учкучсуз башкарылган аппараттын жардамы менен Алай районундагы Сары-Таш аймагын видеого тартып жүргөн. Текшерүү учурунда анын чек ара аймагында жүрүүгө жана видео тартууга уруксат берген документтери болгон эмес.
Буга чейин Австриянын жараны Кыргызстанга Тажикстандан келгени аныкталган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.