Бүгүн Ысык-Көл, Нарындын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт

© Кумтор Голд КомпаниЖүк ташуучу автоунаа. Архив
Жүк ташуучу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ маалымат кызматы Кыргызстандын айрым жерлеринде күн кескин салкындай тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт", — деп айтылат ӨКМ маалымат кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызгидромет абанын температурасы Чүй облусунда 22… 27, Талас 20… 25, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25… 30, Ысык-Көлдө 18… 23, Нарында 19… 24 градус жылуу болорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0